Өзгөндө жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоого жана сатууга шектүүлөр кармалды
- 2 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл округунун мурдагы башчысы, 1967-жылы туулган С.Э.Р., жер инспектору, 1984-жылы туулган М.Ф.А. жана 1983-жылы туулган М.Э.Э. аттуу жарандар кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жарандар 2016-жылдан 2022-жылга чейин башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, документтерди жасалмалап, Өзгөн районундагы 1,5 гектар жер тилкесин трансформациялап, кийинчерээк сатып жибергени аныкталган.
Маалыматта айтылгандай, жерди транформациялоо Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
Кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




