Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын жаңы виза талаптары боюнча билдирүү жасады   

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШга кирүү үчүн B-1/B-2 категориясындагы (туристтик жана ишкердик) иммиграциялык эмес визаларга арыз берүүнү пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын америкалык тарап тарабынан кошумча талаптар киргизилгендиги жөнүндө 8-январда билдирүү жасады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий маалыматына ылайык, 2026-жылдын 21-январынан тартып бир катар чет мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 5 000ден 15 000 АКШ долларына чейинки өлчөмдө каржылык күрөө (залог) төлөө талабы киргизилет. Каржылык күрөөнүн так өлчөмү маектешүүнүн жүрүшүндө консулдук кызматкер тарабынан жеке тартипте аныкталат.

Мындан тышкары, арыз берүүчү консулдук кызматкердин тиешелүү көрсөтмөсү берилгенден кийин гана АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтурууга жана АКШнын Каржы министрлигинин Pay.gov онлайн төлөм платформасы аркылуу каржылык күрөө шарттарына макул экендигин тастыктоого милдеттүү.

   Министрлик төмөнкүлөргө көңүл бурат: — каржылык күрөөнүн төлөнүшү визанын берилишине кепилдик бербейт,  АКШнын аймагында иммиграциялык статус өзгөртүлгөн учурда же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калган учурда күрөө кайтарылбайт,  көрсөтүлгөн талаптар күчүнө киргенден кийин берилген жаңы арыздарга гана колдонулат.

Каржылык күрөө шартында виза алган жарандар АКШга кирүүнү жана андан чыгууну төмөнкү өткөрмө пункттары аркылуу гана жүзөгө ашырууга милдеттүү: Бостон шаарындагы Логан эл аралык аэропорту (BOS), Нью-Йорк шаарындагы Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропорту (JFK), Вашингтон шаарындагы Даллес атындагы эл аралык аэропорт (IAD).

Көрсөтүлгөн талаптарды сактабаган учурда АКШга кирүүдөн баш тартууга же чыгуу процессинин туура эмес таризделишине алып келиши мүмкүн.

Белгиленгендей, айрым чет мамлекеттердин бул тизмеге киргизилиши тиешелүү мамлекеттердин жарандары тарабынан визалык режимдин бузулушунун жогорку деңгээли аныкталгандыгы менен шартталган.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарына барууну пландап жаткан жарандарды визалык талаптардагы өзгөрүүлөр менен алдын ала таанышууга, виза алуу жана АКШда жүрүү шарттарын так сактоого, ошондой эле кабыл алуучу өлкөнүн визалык жана миграциялык мыйзамдарын бузбоого кайрадан чакырат.

Кыргызстандын жарандары эми АКШга виза алуу үчүн 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин күрөө төлөшү керек. Бул чечим 2026 жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында маалымдалды.

АКШ виза күрөөсү кире турган төмөндөгү 38 мамлекеттин тизмесин жарыялады. Бул тизменин арасында Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан да бар.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты