Москвада кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды.

Өзгөчө басым транспорт, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба тармагындагы өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдигинин форматында интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине коюлду.

Тараптар Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктук макамын жана Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесинин болжолдуу мөөнөттөрүн талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты