Москва шаары жана облусунда чет элдик жарандарды эсепке алуу боюнча атайын мобилдик колдонмо киргизилди

  • 10 месяцев мурун

Россиянын миграция мыйзамдарын бузууга байланышкан терс кесепеттердин алдын алуу максатында, тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Москва шаары менен Москва облусундагы чет элдик жарандарды каттоо боюнча жаңы эрежелер менен таанышып чыгууга чакырат.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва шаарында жана Москва облусунда чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери боюнча эсепке алуу эксперименттик тартиби киргизилди.  Ал азыркы учурда колдонулуп жаткан миграциялык каттоонун тартибинин ордун толтурат.

Москва шаарына жана Москва облусуна эмгектенүү максатында келген чет элдик жарандар “Амина” — атайын мобилдик колдонмосун милдеттүү түрдө орнотушу керек болот.

“Амина” колдонмосу аркылуу Москва шаарынын көп функционалдуу миграциялык борборунун (ММЦ Сахарово) дареги боюнча каттоого туруп, ички иштер органдарын чет элдик жаран түнөгөнгө, эс алганга, туруктуу пайдаланып жаткан чыныгы жашаган жери жөнүндө алыстан маалымдоого мүмкүнчүлүк берет. Жашаган жери өзгөргөн учурда, чет элдик жаран колодонмонун интерфейси аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.

“Амина” мобилдик колдонмосун чет элдик жарандар өз алдынча “RuStore” колдонмо дүкөнүнөн орното алышат, бул үчүн ММЦ Сахарово же Россиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок.

Колдонмого катталуу (авторизация) үчүн жарактуу чет элдик жарандын картасы талап кылынат. Аны алуу үчүн чет элдик жаран ММЦ Сахарово борборуна кайрылышы керек. Ал эми карта жоголгон учурда, “Амина” колдонмосуна паспорттук маалыматтар аркылуу да кирсе болот.

Мобилдик тиркеме Россиянын ИИМине геолокация жөнүндө маалыматтарды жөнөтүп турат. Эгер тиркеме бир нече күн бою маалымат жөнөтпөй калса, чет элдик жаранга жашаган дарегин тастыктоо же анын өзгөрүүсү тууралуу Россиянын ИИМине кабарлоо зарылдыгы жөнүндө эскертүү келет. Бул үчүн ички иштер органдарына же ММЦ Сахарово борборуна баруунун кереги жок.

Эгер акыркы мониторингден кийин үч күндөн ашык убакыт ичинде абоненттин геолокациясы тууралуу маалымат болбосо, чет элдик жаран ММЦ Сахароводогу дарек боюнча каттоодон чыгарылат.

Эксперименттин шарттарын бузуу — чет элдик жаран тууралуу маалыматты Россия Федерациясынын Көзөмөлдөгү адамдардын реестрине (РКЛ) киргизүүгө негиз болушу мүмкүн.

Ушуга байланыштуу, Россиянын миграция мыйзамдарын бузууга байланышкан терс кесепеттердин алдын алуу максатында, Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Москва шаары менен Москва облусундагы чет элдик жарандарды каттоо боюнча жаңы эрежелер менен таанышып чыгууга чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты