Москва районундагы ат майдан мамлекетке кайтарылды

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) прокуратура органдары менен бирге текшерүүдө Чүй облусунун Москва районундагы 27,4 га жер тилкедеги мүлк комплекси, анын ичинде эки аткана, чөп жыйноочу жай, кеңсе, трибунасы жана эки кампасы бар ат майданы мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

“Мыйзамсыз менчиктештирилгенге чейин бул объект асыл тукум жылкыларды таптоо жана идентификациялоо үчүн сыноочу ипподром катары колдонулуп, маданий-социалдык иш-чараларды өткөрүү үчүн маанилүү жай болгон. Мындан тышкары ипподромду жеке адамдар алгандан кийин алардын айрымдары аталган жер тилкени бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн.Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 28-мартында аталган ипподром Чүй облусунун Москва районунун Нарзан аймагынын балансына кайтарылды” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты