Москва районунда өспүрүм көлмөгө чөгүп кетти
- 1 год мурун
Бүгүн, 8-июнда, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айылындагы менчик көлмөгө 9-класстын окуучусу чөгүп кеткен.
Издөө иштерине саат 15:28де беш куткаруучу- суучул тартылган.
Куткаруучулар чөгүп кеткен баланын сөөгүн 16.57де суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү