Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы кармалды

  • 2 недели мурун

Чүй облусунун Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы К.С. Т. кармалды. Чүй облусунун Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Ал айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасы болуу менен, комиссиянын айрым мүчөлөрү жана үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларынын өкүлдөрү менен бирге акча жана башка нерселерди мыйзамсыз алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштурган.

Акча алгандан кийин К.С.Т. айрым чарбалардын документтери мыйзам талаптарына ылайык келбесе да, алар үчүн ыңгайлаштырып берген.

23-январда К.С.Т. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты