Москва облусундагы курулушта Кыргызстандын үч жаранынын  сөөгү табылган  

  • 2 недели мурун

ЖМКларда Москва облусунда курулуштагы вагондон үч жумушчунун сөөгү табылгандыгы боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Россиядагы элчилик окуянын жагдайларын тактоо боюнча ыкчам тартипте тиешелүү иш жүргүздү. Россия Тергөө комитетинин Москва облусу боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын (Дмитров шаары) маалыматына ылайык, каза болгондор — 2006-жылы туулган Ж.У.М., 1996-жылы туулган З.У.А. жана 1978-жылы туулган Ж.С.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары экендиги аныкталды. Алар Россиянын аймагында эмгектенишкен.

Башкы тергөө башкармалыгынын жооптуу кызматкери бул окуяда кылмыш курамы жок экенин билдирип, жарандардын өлүмү көмүр кычкыл газына уулануунун кесепетинен болгонун тастыктады. Россия Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренеси («Кокусунан өлүмгө алып келүү») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Министрликтин көзөмөлү алдында элчилик каза болгондордун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөк көрсөтүү боюнча иш алып барууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты