Мопед айдоочуларга айып салынды  

  • 1 год мурун

Борбордук милиция тарабынан өткөн жуманын дем алыш күндөрү “Мото айдоочу” аталышындагы профилактикалык иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз борбору билдирди.

Бишкек шаарында жол унаа кырсыктарынын санын азайтуу, алардын ичинен мотоцикл, мопед катышуусу менен болгон жол унаа кырсыктарын азайтуу, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болгон жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында, борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан “Мото айдоочу” аталышындагы иш-чара жүргүзүлүүдө.

Иш чаранын жүрүшүндө жалпысынан 99 мотоцикл, мопед жана электроскутерлердин айдоочулары текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 24 протокол түзүлүп, 10 мопед айып короого киргизилди. Мындан тышкары, мопед айдаган айдоочулар Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилди. Административдик протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 100 миң сомго айып салынды.

Сүрөт: Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты