Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин баасын текшерди
- 1 год мурун
24-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүндө жана эт сатуучу павильондордо (анын ичинде Б. Юнусалиев көчөсүндөгү “Бета Сторес 2” соода борборунда жайгашкан “Глобус” гипермаркетинде) уй жана кой этине болгон чекене бааларга мониторинг жүргүзүштү.
Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.
Мониторингдин жыйынтыгында сатыкта негизинен сулп эт, стейк жана башка тамактар үчүн даярдалган уй эти 1 кг 720дан 820 сомго чейин сатылып жатканы аныкталды. Ошондой эле, аталган павильондо 550 сомдон да эттин башка түрлөрү сатылып жатканы белгиленди.
Иш-чаранын алкагында кызматкерлер соода өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу мыйзам талаптарын сактоого жана негизсиз баа жогорулатууга жол бербөө зарылдыгын белгилешти.
«Эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик органдары менен бирге мал базарларга чыгуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул иш-чараларда сатуучулар жана сатып алуучулар менен спекулятивдүү баа көтөрүүлөргө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул аракеттердин негизги максаты — эт базарында жасалма баа жогорулоонун алдын алуу жана керектөөчүлөр үчүн баалардын туруктуулугун камсыз кылуу» деп айтылат билдирүүдө.
23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карим Ханжеза бишкектиктер эттин баасынын кымбаттап кеткенине кабатыр болуп жатканын Министрлер кабинетинин өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып билдирди.
-Эки күн мурда дүкөндө жүрсөм, бир жаран “Эл өкүлүсүзбү” деп, мени эт саткан жерге алып барды. Дүкөндө эттин баасы 700, 800, 900 сом, эмне деген баа деп сурады. Эмне себептен эттин баасы мынча көтөрүлүп кетти, ошону карап койсоңуздар. Эттин кымбатташы эмне себепке байланыштуу болуп жатат?-деди Карим Ханжеза.
Сүрөт: mineconom.gov.kg




