Депутат Карим Ханжеза эттин баасынын кымбаттап кеткен себебин сурады

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 23-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карим Ханжеза бишкектиктер эттин баасынын кымбаттап кеткенине кабатыр болуп жатканын Министрлер кабинетинин өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып билдирди.  

-Эки күн мурда дүкөндө жүрсөм, бир жаран мени “Эл өкүлүсүзбү” деп, мени эт саткан жерге алып барды. Дүкөндө эттин баасы 700, 800, 900 сом, эмне деген баа деп суранды. Эмне себептен эттин баасы мынча көтөрүлүп кетти, ошону карап койсоңуздар. Эттин кымбатташы эмне себепке байланыштуу болуп жатат? -деди Карим Ханжеза.  

Кийинки кездерде Бишкек шаарында эттин баасы көтөрүлүп кеткени байкалууда.

Сүрөттө: Депутат Карим Ханжеза. kenesh.kg  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты