Молдова КМШ курамынан чыгуу аракеттерин баштады
- 4 недели мурун
Молдова Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекеттери менен негизги макулдашууларын денонсация кылуу процедурасын баштады. Бул анын КМШ курамынан чыгууга мүмкүнчүлүк берерин 19-январда өлкөнүн тышкы иштер министри Михай Попшой билдирди.
“Радио Молдова” эфирине берген маегинде Михай Попшой КМШнын Уставын, 1991-1993-жылдары КМШны түзүү тууралуу келишимди жана анын тиркемеси денонсациялоону баштаганын айтканын NewsMaker басылмасы жазды.
Попшойдун билдирүүсүндө, ал иш-аракеттер февраль айынын ортосуна чейин аяктайт жана парламенттин кароосуна киргизилет.
Молдованын бийлиги КМШдан чыгуу тууралуу биринчи жолу мындан эки жыл мурда, 2023-жылдын декабрь айында билдирген.
Анда Россиянын президенти Владимир Путин Молдованын КМШдан чыга турганы эч кандай деле кыжалат кылбай турганын айткан. “Кандай чечимди каалашса, ошону жасашсын” деп айткан анда Путин.
Өткөн жылдарда КМШ курамынан Грузия 2008-жылы, Украина 2018-жылы чыккан.
Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине: Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мүчө.
Сүрөт: Интернет булактарынан




