Бириккен Араб Эмираттары нефтини көзөмөлдөөчү дүйнөлүк ОПЕК уюмунан 1-майдан баштап чыгат

  • 2 недели мурун

Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) нефтини көзөмөлдөөчү дүйнөлүк ОПЕК уюмунун катарынан 1-майдан баштап чыга турган болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.  

БАЭнин WAM агенттиги билдиргендей, бул БАЭнин узак убакыттан берки стратегиялык жана экономикалык бүтүмүнөн улам кабыл алынды.

Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика министри Сухейл-Мохамад аль-Мазруи Reuters агенттигине маалымдагандай, чечим өлкөнүн энергетикалык стратегиясын талдап чыккандан кийин кабыл алынган. БАЭ бул чечимди өнөктөштөр менен макулдашпастан кабыл алган.

“Бул саясий чечим, ал нефти өндүрүүнүн азыркы жана келечектеги  саясатын терең талдоодон кийин кабыл алынган” деп билдирди БАЭ энергетика министри.     

Бириккен Араб Эмираттарынын ОПЕК уюмунан чыгышы нефтини көзөмөлдөөчү дүйнөлүк уюмдун жана анын формалдуу эмес лидери Сауд Аравиясына сокку болуп калуу ыктымалдыгы айтылууда.

БАЭнин ОПЕК уюмунан чыгышы бул уюмду алсыратып коюшу мүмкүн экендиги да белгиленүүдө. Айрымдар Бириккен Араб Эмираттарынын ОПЕК уюмунан чыгышы АКШнын президенти Дональд Трамптын жеңиши катары да сыпатталууда. Трамп бир нече жолу ОПЕК нефтинин баасын көтөрүп, башкаларды тоноп жаткандыгын сынга алып келген.    

Бириккен Араб Эмираттары нефтинин кору дүйнөдө боюнча 7-орунда турат.

ОПЕК — нефтини экспорттоочу мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм. ОПЕКке мүчө мамлекеттер дүйнөлүк нефти корунун 2/3 бөлүгүн көзөмөлдүп турат.Алардын үлүшүнө дүйнөдө нефть өндүрүүнүн болжол менен 35%ы туура келет.  

ОПЕКке кирген Перс булуңунун өлкөлөрү АКШ, Израиль жана Ирандын согушунан улам, Ормуз кысыгы аркылуу нефтини экспорттоодо кыйынчылыкка туш болуп келишет.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты