КМШ ПАнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын өлчөмүн 1 млн сомго жеткирүү сунушталды  

  • 1 месяц мурун

2026-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын (ПА) Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн 1 млн сомго жеткирүү сунушталды.  

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында, 25-декабрда, белгилүү болду.

Анда аталган комитеттин төрагасы Элдар Сулайманов токтом долбоору менен акчалай сыйлыктын өлчөмүн 2026-жылга 1 миллион сом суммасында бекитүү сунушталып жатканын белгиледи. 

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Жогорку Кеңештин «2026-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун кабыл алды. 

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы 2012-жылы кыргыз тараптын демилгеси менен негизделген. Сыйлык КМШдагы маданий ишмерлерге ыйгарылат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты