Мисирге сапар соңуна чыкты. Жапаров АКШга С5+1 форматындагы мамлекет башчылардын жыйынына катышууга барды

  • 1 месяц мурун

 Президент Садыр Жапаров 5-ноябрда Президент Дональд Трамптын чакыруусу боюнча Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат жарыяланды.

Президент Садыр Жапаровду “Эндрюс” авиабазасында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров «С5+1» форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Иш-чара «С5+1» диалог платформасынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашууга багытталган.

Ошондой эле Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамптын эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты