Мирзиёев: Өлкө 2-3 жылда мунай көз карандысыздыгына жетүүгө ниеттенүүдө

  • 5 месяцев мурун

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 17-ноябрдагы жыйын учурунда Сурхандарыя облусунда ири өнөр жай долбоорлору ишке ашырыларын айтты.

«Мен элибиз жакшы жашасын деп, анын жүгүн жеңилдетүү үчүн абдан чоң максаттар жана так пландар менен быйыл Суркандарыяга үчүнчү жолу келдим», — деген Мирзиёев.

Бейшембиде президент Сурхандарыяда жалпы суммасы 3,3 миллиард долларды түзгөн төрт жаңы ири өнөр жай долбоору менен таанышып чыкты.

Анын ичинде 2024-жылы ишке кирише турган Байсун газ-химиялык комплекси бар. Ал жерде жылына 5 миллиард кубометр газ тазалоо, жаратылыш газын жана күкүрттү өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары өзбек бийлиги геологиялык чалгындоолорду кеңейтип, дагы 100 миллиард кубометрге жаңы газ запастарын ачып, 2-3 жыл аралыгында мунай көз карандысыздыгына толугу менен жетүүгө ниеттенүүдө.

Сүрөт: president.kg

Ушул тапта бул комплексте 7 миң киши иштейт. Мирзиёевдин тапшырмасы менен комплексте кооперация түзүлүп, коңшу райондордун жашоочулары үчүн 2 миңден кем эмес жогорку кирешелүү жумуш орундары түзүлөт.

2024-жылы Казакстандын аймагы аркылуу Орусиядан Өзбекстанга мунай ташууну 1 миллион тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Бул 2023-жылга салыштырмалуу үч эсеге көп.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты