Мирзиёев бир күндө 30дан ашык аткаминерди иштен алды

  • 2 года мурун

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев маале системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандарды жумуш менен камсыз кылуу маселесине арналган 19-апрелдеги видеожыйында 36 жетекчини иштен алды.

Президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадовдун айтымында, жыйындын жүрүшүндө район башчысы, шаар башчысы, 12 район башчысынын биринчи орун басары, 2 шаар башчысынын биринчи орун басары, 2 райондун прокурору, 2 шаардын прокурору, 2 райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, 4 райондук салык кызматынын башчысы жана 11 республикалык салык башкармалыгынын жетекчиси кызматтан алынды.

Маалыматка караганда, күн мурун Мирзиёев Ташкенттин мэри Жахонгир Артикхожаев менен жолугуп, калаа башчысынын өзүнө, анын биринчи орун басарына жана Салык кызматынын башчысына катуу эскертүү берген.

Ошондой эле Президент Фергана жана Хорезм облустарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын кызматтарына ылайык келер-келбесин карап чыгууну тапшырган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты