Мирзиёев 100 миң өзбекстандыкка кесип жана чет тил үйрөтүүнү тапшырды

  • 3 месяца мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 16-январдагы жыйында калкты иш менен камсыз кылуу ишин сынга алды.

2024-жылы 5 миллион адамды иш менен камсыз кылуу пландалууда. Мирзиёев жакырчылыкты кескин кыскартуу үчүн туруктуу кирешеси бар жумуш орундарын түзүү зарылдыгын айтты.

Өткөн жылы 16 район жана шаарларда туруктуу жумуш орундарын түзүү боюнча план 70% кем аткарылган. Шавкат Мирзиёев жумуш издегендерге жөлөк пул берүү менен тим болгон мекемелерди сынга алды.

Калкты иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигине жумуш орундарын түзүү жана 100 миң жумушчуга жаңы кесип жана тил үйрөтүп, аларды чет өлкөлөрдөгү ишканаларга жөнөтүү тапшырылды.

Божомолдоо жана макроэкономикалык изилдөөлөр институту миграцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу багыт катары Польша, Болгария, Литва, Чехия жана Европа менен Азиянын башка өлкөлөрүн атады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты