Мирлан Самыйкожо: Коомчулук желегибизди өзгөртүүгө каршы болуп жатат

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 25-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо коомчулук кыргыздын туусун өзгөртүүгө каршы болуп жаткандыгын билдирди.

Депутат Мирлан Самыйкожо мындай деди:

Коомчулукта, Интернет булактарында, социалдык тармактарда дээрлик көпчүлүгү каршы болуп жаткандыгын айтып коеюн. Эртең бизге келгенде дагы маселе болуп кетпесин. Биз желектен башка нерселерибизди эле жасайлычы. Желегибизге, мамлекетибиздин ыйыгына тийбей жле коелучу. 30 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин эн тамгасы болгон желегибиз бул күндүн нуру, биздин ата-бабаларыбыз ошол кезде эле үстүнөн дагы караганды билиптир, Космостон караганды. Азыр дрондордун заманында да үстүнө чыгып карай албай жатабыз. Бул коломто дегенди түшүндүрөт, кыргызда коломтоң өчпөсүн дейт, коломтоңдо от жансын дейт, бул — оттун, жалындын, нурдун белгиси го. Эгерде биз арбайтып-тарбайтып кое турган болсок ал лопух, уйгак болуп калат, -деди Мирлан Самыйкожо.   -Авторлор макул болуп жатса, ал күн тийген жердин күкүгү, -деди депутат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусуна өзгөртү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 28-сентябрда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Мыйзам демилгечилеринин айтымында, “Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы  диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат”.  

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты