Президенттик аппаратта катчылык кызмат түзүлөт

  • 4 недели мурун

Садыр Жапаров президенттик администрациянын ишинин маселелери президенттин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Президенттик адаминситрацияда жаңы кызматтар түзүлөт.

Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы (башкармалыктын курамында), президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы – сектор башчысы, президенттин администрациясынын сектор башчысы (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында), президенттик администрациянын башкы эксперти, президенттин администрациясынын мамлекеттик инспектору жана Жогорку Кеңештин аппаратынын сектор башчысы деген жаңы кызматтар түзүлөт.

Ошондой эле президенттин администрациясындагы башкармалык, бөлүм, борбор, сектор түзүмдөрүнөн өзүнчө катчылык кызматы түзүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты