15-июндан тартып адал-индустрия чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн өзгөртүүлөр күчүнө кирет
- 4 недели мурун
Экономика жана коммерция министрлигинде адал (халал) индустрия чөйрөсүнө тиешелүү Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө киришине байланыштуу кеңешме өткөрүлдү.
Киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизги максаты халал-продукция рыногундагы ак ниетсиз аракеттерге, анын ичинде халал сертификаттарын жасалмалоого, маркировканы бурмалоого жана керектөөчүлөрдү адаштыруунун башка түрлөрүнө каршы аракеттенүү болуп саналат.
Анда төмөнкү укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчиликти карайт:
-Айыл чарба жаныбарларын багууда жана союуда, ошондой эле алардан алынган продукцияны жана чийки затты өндүрүүдө, жыйноодо, кайра иштетүүдө, даярдоодо, сактоодо, ташууда жана жүгүртүүгө чыгарууда халал-продукцияга карата техникалык регламенттерде жана стандарттарда белгиленген талаптарды бузуу —жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат;
-Адал-продукцияны өндүрүүдө пайдаланылуучу айыл чарба жаныбарлары жана балыктар үчүн тоюттарга карата талаптарды бузуу — жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат;
-Техникалык регламенттерде жана халал-продукция боюнча стандарттарда белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктаган документтери жок халал-продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга байланыштуу укук бузуу — жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат;
-Техникалык регламенттерде жана халал-кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттарда белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктаган документтери жок халал-кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу укук бузуу —жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат;
-Халал-продукциянын жана халал-кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин тастыктоо жол-жоболорун жүргүзүү эрежелерин бузуу, ошондой эле милдеттүү жол-жоболорду өткөрбөстөн халал-продукциянын жана халал-кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин тастыктаган документтерди берүү — юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




