Мирлан Бакиров: Жаныш Бакиевдин үйүндө «Шумкар» корпорациясы жайгашкан

  • 2 года мурун

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров буга чейин козголгон кылмыш иштеринин негизинде мамлекеттин карамагына өткөн мүлктөргө байланыштуу маалымат берди. Ага ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин улуу баласы Мараттын Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектисиндеги үйү 2019-жылы ошол кездеги Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөн.

Мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин үйүн Интеллектуалдык менчик кызматы алган жана учурда ал жерде быйыл август айында түзүлгөн «Шумкар трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коому жайгашкан.

Өкмөт бул корпорация учкучсуз учуучу аппараттардын системасын чыгаруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырат деп билдирген. Ага ылайык, «Шумкар» 100% мамлекеттин катышуусу менен түзүлгөн жана анын негиздөөчүсү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду деп жазылган.

Мирлан Бакиров азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын негизинде канча мүлк мамлекеттин карамагына өткөнү тууралуу так маалыматы жок экенин билдирди.

Министрлер кабинети октябрь айынан тартып мамлекеттик мүлктү жеке колго берүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, менчиктештирүү процессине шарт түзө баштагана. Анда ишканаларды, заводдорду, имараттарды жана башка активдерди сатуу жолдору жаңыланат.

Аталган фонд өкмөткө караштуу 10 406 имарат, 15 022 курулмалар (сооружение), 434 курулуп бүтө элек объектилер, 366 жер участкалары, 7907 автотранспорттор, 2135 темир жол жана аба-суу транспорту, 78 385 материалдык эмес активдер, 784 090 техникалар жана жабдуулар бар экенин билдирген. Бул мүлктөрдүн жалпы баланстык баасы акыркы жолу 83 млрд. сомдон ашык деп эсептелген. Бирок инвентаризациялоо аяктаса бул сумма дагы өзгөрөт.

Мындан сырткары “Кыргыз темир жолу”, “Кыргызкурал”, “Кыргызкөмүр”, “Кыргызкитеп” ишканалары, “Кара-Балта” спирт заводу, “Бишкек-Ош” жолундагы дирекция, «Кыргызгипрозем» долбоорлоо институту, Кара-Суудагы эң ири “Туратали” базары, пансионаттар, санаторийлер, үрөнчүлүк, балык чарба, асыл-тукум, пахта жана башка багыттагы заводдор баштаган 104 мамлекеттик ишкана бар. Мүлктүн бул түрүнүн жалпы наркы белгисиз.

Булак: Азаттык

Сүрөт: Интернет булктарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты