Мамлекеттик мүлк фонду “Аманат” холдингин түзүүнү сунуштады

  • 2 года мурун

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Аманат” аттуу холдинг компаниясын түзүүнү сунуштап жатат.

Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров журналисттерге билдирди.   

Бакировдун айтымында, бул холдинг бир катар ачык акционердик коомдорду бириктирет.   Ага “Кыргызалтын”, “Нефтегаз”, эл аралык “Манас” аэропорту сыяктуу  16 ачык акционердик коом кирмекчи.

Буга чейин жер казынасын пайдаланууга жана экономика тармагында долбоорлорду ишке ашырууга багытталган «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому түзүлгөн.

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААКынын түзүүчүсү — Кыргызстандын Финансы министрлиги жана компания толугу менен мамлекетке карайт.

Учурда компаниянын уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген. Маалыматта 2022-жылы аталган сумманы 1 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканы айтылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты