Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун орун басары кармалды

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун орун басары Р.К.Б. кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы боюнча кармалды.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары Р.К.Б. кармалды жана УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалыматта Р.К.Б деп белгиленген адам.- Рыскулов Канат Бактыгуловичтин аты-жөнүнө туура келет.  

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты