Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду агенттик болуп, кайра түзүлдү  

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду.  

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлөт.

Бул чара мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштырууга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча функцияларын күчөтүүгө багытталгандыгы айтылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты