Мирлан Бакиров мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгынан бошотулду

  • 1 год мурун

Мирлан Бакиров мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгы кызматынан бошотулду. Канатбек Тургунбеков мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгына дайындалды.  

Бул тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мирлан Бакировдун ордуна Канатбек Тургунбеков мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгына дайындалды.  Канатбек Тургунбеков финансы министрлигинин алдындагы финансылык чалгын кызматынын башчысы болуп иштеген.

Эки жыл мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп турган Мирлан Бакиров мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчылыгына дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты