Мирбек Атабеков апасынын үйүн тоногон окуяга көңүл бурууну өтүнүп, УКМК төрагасына кайрылды
- 1 месяц мурун
- Видео
Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков социалдык тармактар аркылуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, 2019-жылы апасынын үйүн тоноп кеткен окуяга көңүл бурууну өтүндү.
Анын айтымында, бул иш боюнча чара көрүлө элек жана 2022-жылы иштин материалдары архивге түшүп калган.
Атабековдордун жактоочусу Шердор Абдыкапаров окуя боюнча тиешелүү адамдарды суракка алуу мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгиледи.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө А.Д. аттуу жарандын 60 миң долларын жана зер буюмдарын 2019-жылы 6-майга караган түнү беткапчандар тоноп кеткени тууралуу арыз түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси, тоноочулук беренеси боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө жүрүп жаткандыгын Бишкек шаарынын ИИБи билдирген.
Андан көп өтпөй, Бишкек шаарынын Октябрь райондук криминалдык милиция кызматы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектүү кишини Каракол шаарынан кармаганы маалымдалган.
Бирок адвокаттын айтымында, ал кармаган киши эмне болгону да белгисиз бойдон калган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан