МинКаб билим берүү уюмдарын ваучердик каржылоонун убактылуу тартибин бекитти

  • 1 месяц мурун

Министрлер Кабинети жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.  
 
Министрлер кабинетинин бул токтомунун  максаты жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо болуп саналат. 
Ваучердик каржылоо механизми каражаттар уюмдун жалпы муктаждыктарына эмес, түздөн-түз студенттерди окутууга жумшалат деп болжолдойт.
 
Каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо Баткен облусунда жайгашкан жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына жайылтылбайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты