Министрлик: Ош шаарынан, Араван, Кара-Суу райондорунан холера вибриону табылган, бирок ал адам үчүн коркунучтуу эмес
- 10 месяцев мурун
Саламаттык сактоо министрлиги акыркы жолу Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан алынган үлгүлөрдө холера вибриону Vibrio cholerae O1 (серовар Огава) аныкталганын билдирди. Бирок ал — авируленттүү, башкача айтканда, адам үчүн коркунучтуу эмес жана классикалык холерадагыдай эпидемиялык потенциалы жок.
“Эпидемиялык коркунуч жок болгонуна карабастан, толук көлөмдө тиешелүү чаралар көрүлдү. Ош облустук санитардык кызматтары кабардар кылынып, профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн тартылды. Координациялык органдардын кезексиз жыйындары өткөрүлдү, анын ичинде Ош шаарындагы «Увам» каналы боюнча абал каралды. Буга чейин өткөрүлгөн ведомстволор аралык машыгууларда (Ош, «Достук-Автодорожный» СКП) кызматтардын даярдыгы текшерилип, тастыкталган” деп билдирди саламаттык сактоо министрлиги.
Калк үчүн ичеги-карын инфекцияларынан сактануунун жөнөкөй эрежелери маанилүү бойдон калууда:
-Кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана пайдалануу;
-Колду самындап кылдат жууп туруу;
-Жашылча-жемиштерди жакшылап жууп, кайнак суу менен чайкоо;
Ичеги-карын инфекциясынын белгилери (кусуу, ич өткөк) пайда болсо — дароо медициналык жардамга кайрылуу.
Региондогу эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды маалыматты расмий булактардан гана алууга жана тастыкталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.




