Министрлик: Нипах вирусунун коркунучуна байланыштуу санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү
- 6 месяцев мурун
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өлкө аймагына Nipah вирусунун кирип кетишине жол бербөө максатында «Манас» эл аралык аэропортунда санитардык-карантиндик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Дарттын кезектеги очогу катталган Индиядан келген жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл бурулууда.
1-февралда Индиядан келген авиакаттам менен Кыргыз Республикасына 158 жүргүнчү учуп келди. Учурда республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору жана «Манас» аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунун медицина кызматкерлери бирге күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында эл аралык каттамдар менен келген бардык жүргүнчүлөрдүн дене табын милдеттүү текшерүүдөн өткөрүлөт. Дене табы 37,5°С жана андан жогору болгон учурларда жүргүнчүлөр дароо изоляцияланып, белгиленген тартипте тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлөт.
Учурда эпидемиологиялык кооптуу абал катталган жок, келген жүргүнчүлөрдүн ден соолук абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Бүгүн, 5-февралда, саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов нипах вирусу боюнча кабатырланууга негиз жок экенин билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




