Министрлик “Кумтөр” казынага  төккөн каражат боюнча маалымат берди

  • 2 года мурун

Каржы министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Осмон ТурдумамбетовдунКумтөр” кенинде өндүрүлгөн алтындын сатылышы жана сакталышы жөнүндө суроосуна жооп кайтарды.

Маселе “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасына тиешелүү экенин мекеменин сайты жазып чыкты.

Анда “Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2020-жылы республикалык бюджетке 9 млрд. 113,7 млн. сом төгүүнү пландап, 9 млрд. 618,7 млн. сом төккөнү айтылган. Ал эми 2021-жылдын 11 айында 6 млрд. 998,8 млн. сом төккөн.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин 13-декабрдагы жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов Кумтөр кенинен казылып жаткан алтын кайда сатылып же сакталып жатканы жөнүндө суроо берген. Каржы министри Алмаз Бакетаев ишкана салыкты толук төгүп жатканын айтып, бирок суммасын атаган эмес. Ал эми алтын боюнча маалыматы жок экенин билдирген.

Буга чейин бир катар депутаттар «Кумтөрдө» жасалып жаткан иштер тууралуу элге толук маалымат берилбей жатканын, андыктан Министрлер кабинети кен боюнча парламентке келип, толук отчет берүүгө тийиш экенин айтышкан.

Кыргыз тарап быйыл май айынан бери «Кумтөргө» сырттан башкаруу киргизип, көзөмөлдөп жатат.

22-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голдду” кыргыз тарап башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын “Азаттыкка” маалымдаган.

25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөрдөн Кыргызстан 90 миллион доллар тапканын айткан.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты