Президент «Кумтөргө» сырттан башкаруу киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Акционердик коомдор жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.


Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта:

«Мыйзамдын негизги максаты жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, жумуштар таасирин тийгизген аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды», — деп жазылган

.

6-май күнү ЖК депутаттары 3 окууда тең кабыл алган бул мыйзам «Кумтөр» ишканасына карата багытталганын «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ачык айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты