Ишкердиктин айрым тармактарына салык жеңилдигин берүү мыйзам долбоору кабыл алынды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 24-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Мыйзамды Министрлер кабинети демилгеледи.
Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:
— Зергердик өндүрүшү үчүн керек болгон жабдууларды, технологияларды жана жарым фабрикаттарды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу, чет өлкөлүк көргөзмө- жарманкелерге катышуу үчүн зер буюмдарды ташып чыгарууда бажы жыйымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдик берүү;
— Легалдаштыруу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгилөө менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мурда ташып киргизилген же өндүрүлгөн калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштыруу;
— Үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотуу, Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган же чогултулган транспорт каражаттарын, алардын комплектөөчүлөрүн саткан учурда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу;
— Тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү.
Мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
Сүрөт: kenesh.kg




