Министрлик: Эскертүүгө карабастан электр берүүчү линияга зыян келтирилди

  • 1 месяц мурун

Энергетика министрлиги 6-июнда Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн себебине кененирээк түшүндүрмө берди.   

-Кечээ, 6-июнда, 110 кВ «Парк» – «Ала-Арча» электр берүү линиясындагы №23 жана №24 таянычтардын ортосундагы аба чубалгысы HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын аракетинен үзүлүп, анын кесепетинен Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурады.

Энергетика министрлиги 2026-жылдын 28-майында аталган курулуш объектисинин өкүлдөрүнө электр тармактарынын корук зонасында иштерди жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгы тууралуу расмий эскертүү тапшырылганын белгиледи.

Ал билдирүүдө электр берүүчү линиялардын жанында атайын техникаларды пайдаланууда белгиленген коопсуз аралыкты сактоо жана энергообъекттерге зыян келтирүүгө жол бербөө талаптары көрсөтүлгөн.

“Тилекке каршы, берилген эскертүүгө карабастан коопсуздук талаптары сакталбай, натыйжада жогорку чыңалуудагы электр берүүчү линия жабыркап, авариялык кырдаал жаралды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, электр тармактарына зыян келтирген күнөөлүү тарап келтирилген материалдык чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат жана чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү. Учурда бул факт боюнча тиешелүү материалдар укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлөт” деп билдирди Энергетика министрлиги.

Эмне үчүн бир линиянын бузулушу көп сандагы керектөөчүлөргө таасир этти?

-Социалдык тармактарда бир эле линиянын бузулушу эмне үчүн көп сандагы абоненттердин электр энергиясыз калышына алып келгени тууралуу суроолор жаралууда.

“110 кВ «Парк» – «Ала-Арча» электр берүү линиясы Бишкек шаарынын электр менен камсыздоо тутумундагы негизги магистралдык линиялардын бири болуп саналат. Бул линия аркылуу электр энергиясы ири көмөкчү чордондорго жеткирилип, борбор калаанын олуттуу бөлүгүнүн электр менен камсыздалышы камсыздалат. Магистралдык жогорку чыңалуудагы линия авариялык өчкөн учурда энергетикалык системанын туруктуу иштешин камсыздоо жана андан да ири авариялардын алдын алуу үчүн релейлик коргоо жана автоматика каражаттары ишке кирет. Ошондуктан керектөөчүлөрдүн айрым бөлүгү авариялык-калыбына келтирүү иштери аяктаганга чейин убактылуу электр энергиясынан ажыратылышы мүмкүн” деди Энергетика министрлиги.

Учурда энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, электр менен камсыздоонун ишенимдүү схемасын калыбына келтирүү боюнча бардык зарыл чараларды көрдү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет  булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты