Министрлик Эмгек кодексинде өзгөчө ысыкка байланыштуу жумуш күнүн кыскартуу каралган эместигин билдирди

  • 1 месяц мурун

Эмгек кодексинде абанын өзгөчө ысык болгон жогорку температурасына байланыштуу жумуш күнүнүн узактыгын милдеттүү түрдө кыскартуу каралган эмес.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ошол эле учурда мыйзамдарга ылайык, иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.

Министрлик эмгекти коргоо боюнча талаптарды сактоо ар бир иш берүүчүнүн милдети экенин жана ал кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталганын эскертет.

Кыргызстандын жай чилдесиндеги бул күндөрү абанын өзгөчө ысык болуп, 40 градуска чамалап, алдыда андан дагы ысык болору болжолдонууда.

14-июлдан 18-июлга чейин Кыргызстанда өзгөчө ысык болору күтүлүүдө. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында 38-40 градус ысык, ал эми 16-18 июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 41-43 градуска чейин ысый турганы болжолдонууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты