Миграция маселелери боюнча департамент уюштурулат

Президент Садыр Жапаров «Миграция чөйрөсүндөгү айрым функцияларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Тышкы иштер министрлигинин функциялары чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө, жүрүүсүнө жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусуна байланышкан документтерди тариздөө жана берүү бөлүгүндө өткөрүп берилсин, анын ичинде:

1) Бирдиктүү уруксатты тариздөө жана берүү;

2) Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө жана берүү, ошондой эле тиешелүү маалыматтык системаларды жүргүзүү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү процессин аутсорсингге өткөрүп берсин.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине президенттин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин функциялары төмөнкүдөй бөлүктөрдө өткөрүп берилсин:

1) Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелерин кароо;

3) чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жүргөн жери жана жашаган жери боюнча каттоо жана эсепке алуу, анын ичинде тиешелүү маалыматтык системаларды жана базаларды жүргүзүү.

Миграция маселелери боюнча департамент уюштурулсун.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты