Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
- 2 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 28-мартта президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Аалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы жазылган.
Муну бөлүшүү