Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 28-апрелде, эртең менен Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бул кабарды тастыктады.
Акылбек Жапаровдун жүрөгү ооруп, кан басымы ылдыйлаган. Миокарддын инфаркт дартына чалдыккан жок, бирок жүрөк кан-тамырларынын спазмасы байкалган. Анын абалы туруктуу жана канаттандырарлык экени белгиленди.

Кийинки кезде коомчулукта Акылбек Жапаровдун кызматтан алына тургандыгы айтылып келет. Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында Министрлер кабинетинин башчысынын алмашпай турганын айткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты