Ушундай ушакты ким таратат? Президент Министрлер кабинетинин төрагасы тууралуу

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу Министрлер кабинетинин төрагасы кызматтан кетет экен дегендерге жооп берди.

-Ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай,- деп билдирди мамлекет башчы.

Буга чейин Kyrgyzbek Zalkarbai аттуу Фейсбук колдонуучу Министрлер кабинетинин төрагасы алмашат деген күбүр-шыбыр болуп жатканын жазган. Эгер ошондой болуп калса, Улукбек Кочкоров менен Урмат Барктабасовду сунуштаган.

«Премьер-министр алмашат деп эле күбүр-шыбыр кеп кылып жатышат. Эгер ошол чын болсо, ушул эки татыктуу инсанды сунуштайт элем. Экөө тен кризис менеджер жана кесипкөй адистер, тажрыйбалары мол, ак иштешет, чынчыл. Бирок экөө тең макул болушуна күмөнүм бар. Эгер сүйлөшүп, макул кылсанар, эл үчүн таза иштеп беришет деген ойдомун» деп жазган ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты