Министрлер кабинети: Стратегиялык кендерди ата мекендик компаниялар иштетет

  • 2 года мурун

Стратегиялык кендер (Андаш, Талды-Булак, Тоголок жана башкалар) мындан ары карай ата мекендик компаниялар тарабынан иштетилет. Бул максатта «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы» жана «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы негизделген.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.  

Министрлер кабинетинин буйругу менен 100% мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүгө мораторий алынып салынды.

Жер казынасын пайдаланууда өз милдеттерин так аткарбаган пайдалануучулар тарабынан негизсиз кармалып жаткан лицензияларды кайтарып алуу максатында лицензияларды сактап калуу үчүн төлөмдөр жогорулатылды.

Жер казынасын пайдалануучулардын (Кумтөрдөн тышкары) рекультивациялоо фондунун каражаттары (340 млн сомго жакын) 100% мамлекеттик үлүшү бар банктарда (РСК Банк жана Айыл Банк ачык акционердик коомдору) топтолот жана аларды банктар кайтарымдуулук негизде пайдалана алышат.

Суу экосистемаларын сактоо, калыбына келтирүү жана суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында тоо-кен казып алуу тармагы үчүн жер үстүндөгү сууларды пайдалануусу үчүн жаңы төлөмдөр бекитилди — 1 куб метр үчүн 60 сомдон 100 сомго чейин (деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикке/төмөндө жайгашкандыгына жараша).

2021-жылы   «Кумтор Голд Компани» ЖАКта убактылуу тышкы башкаруу киргизилди. Бул аракеттердин натыйжасында «Кумтөр Голд Компани» ЖАК өндүргөн бардык алтын республиканын аймагында жана анын менчигинде калууда. 

Кыргыз тарап быйыл май айынан бери «Кумтөргө» сырттан башкаруу киргизип, көзөмөлдөп жатат.

2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 13,6 млрд сом суммасында салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөн. Натыйжада, чегерүүлөр планы 150% ашкан.

2021-жыл үчүн алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 млн АКШ долларын түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн АКШ доллары түшкөн.

Алтындын бир унциясына карата жалпы акчалай чыгым планга салыштырмалуу 220 долларга, же 16% ашуун кыскарган.

2022-жылга «Кумтор Голд Компани» өнүктүрүү планы боюнча, 17 тоннадан ашуун алтын өндүрүү күтүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты