Министрлер кабинети менчик клиникалардын ишин текшерүү боюнча жумушчу топ түздү

  • 2 месяца мурун

Cапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Ведомстволор аралык жумушчу топко эки айдын аралыгында, Кыргыз Республикасынын аймагында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин текшерет жана анын жыйынтыгы боюнча президенттик администрациясынын жетекчилигинин кароосуна алардын иши боюнча сунуш киргизүү тапшырмасы берилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты