“Баткен таңы” редакциясынын жеке менчикке мыйзамсыз өткөн имараты мамлекетке кайтарылды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен шаарындагы “Баткен таңы” редакциясынын имараты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп кеткен фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2010-жылдын январь айында объекттин стратегиялык маанисине карабастан, Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан өкмөттүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы «Кыргыз Республикасында 2008-2012-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө» №518 токтомунун негизинде, мыйзамдык актыдагы жоболорго каршы «Баткен таңы» имараты 0,22 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз сатылып кеткен.

Объект мамлекеттик баланска өткөрүлдү.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты