Министрлер кабинети Кыргызстандын экономикасына салым кошкон чет элдиктерге өлкөдө жашап туруу укугун жеңилдетет

  • 1 год мурун

Министрлер кабинети чет элдик жарандардын Кыргызстанда жашап туруу укугунун системасын жеңилдетүү тартибин кабыл алды.  

Ага ылайык, Кыргызстанда жашап туруу укугу өлкөнүн экономикасына 10 млн сомдон жогору салым кошкондордун мында жашап туруу укугу боюнча материалдарынын кароо мөөнөтү азайтылат. Ошонжой эле өлкө экономикасына 10 млн сомдон ашуу салым кошкон чет элдик жарандар үчүн Кыргызстанда арыз бергенге чейин 6 ай жашап турушу шарт болбойт.

Белгилей кетсек, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, убактылуу жашоого уруксат Кыргыз Республикасына 6 айдан ашык мөөнөткө келген чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга берилиши мүмкүн, алардын Кыргыз Республикасында жашоого легалдуу каржы булагы болушу шарт:

— ишке уруксаты менен бирге эмгек келишими боюнча иштөөгө;

— окуу жайда окууга;

— инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген өтүнүч каттын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн берилиши мүмкүн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты