Министрлер кабинети ишкерликтин 13 түрүн ККМден бошотууну сунуштады

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин сайтында соода-сатык, кызмат көрсөтүүдөгү көзөмөл-кассалык машинелерди колдонуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анда ишкерликтин бул түрлөрүн ККМ аппаратынан бошотуу каралган. Алар:

1) баалуу кагаздарды сатуу;

2) лотерея билеттерин сатуу;

3) шаардагы коомдук транспорттун билетин жана талондорду сатуу;

4) жүргүнчү самолет жана поезддерде тамак-аш сатуу;

5) жеке кызмат көрсөтүү (бала багуучу, үй кызматкери, бакча жумушчусу жана малчы жалдоо);

6) коомдук транспортто жана такси кызматында жүргүнчү ташуу;

7) Салык кызматына реалдуу маалыматты көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар такси жана товар ташуу, курьер кызматы;

8) кол тачке менен жүк ташыгандар;

9) чек ара аймагында эмгек мигранттарын жалдагандар;

10) патент менен иштеп, өз батирин ижарага бергендер (мейманкана жана күнүмдүк батир берип иштегендер кирбейт);

11) Улуттук банк лицензия берип көзөмөлдөгөн коммерциялык банк, микрокаржылык уюм, насыялык союз, каржы-насыяга багытталган уюмдардын кызматы;

12) Улуттук банкка бардык операциялар жөнүндө маалымат берип турган төлөм уюмдары жана операторлордун кызматы;

13) Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык катталган диний уюмдардын ырым-жырымдарга байланыштуу кызматы, адабий китептерди сатуу жана динге байланыштуу ар кандай кызмат көрсөтүүсү.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.

Буга чейин “Дордой”, “Дордой Моторс” жана “Таатан” өңдүү чоң базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты