Министрлер кабинети электрондук документ жүгүртүүгө өтүүгө даяр эмес

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Министрлер кабинетинин жыйналышында электрондук документ айлантууну киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди.


Мамлекет башчы электрондук документке өтүү жөнүндө документке кол коюуга даяр экенин, бирок Министрлер кабинети бул жаңылыкка даяр эместигин белгилеп, он беш күн убакыт берди.
Аны менен бирге электрондук документ жүгүртүү менен катар эле кагаз менен иштөө тартиби да калат, бирок алты ай аралыгында гана.
«1-июлдан баштап сиздерге кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Ошол үчүн июлдун биринен баштап электрондук документке, электрондук кол коюуга өтүшүбүз керек» деди мамлекет башчы.
Садыр Жапаров акыркы он ай ичинде эле өлкө боюнча 840 миң таңгак кагаз сатылып алынганын, бул миң тоннага жакын экенин билдирди.
«Ошондуктан биз кагаз иштеринен кетишибиз керек» деди. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышын да электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү сунуштады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты