Министрлер кабинети Баткенде көчмө жыйын өткөрөт

  • 2 года мурун

Февраль айынын экинчи жарымында Баткенде Министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

Кожошев кеңешмеде аталган аймакта салыктык-инвестициялык өзгөчө режим киргизилерин, элге акысыз мамлекеттик, муниципалдык жана медициналык кызмат көрсөтүлөрүн белгиледи. Ошондой эле облусту өнүктүрүү кеңеши түзүлүп, бюджеттен жыл сайын 500 миллион бөлүнүп турарын айтты.

Өкмөт өкүлү облуста өзгөчө макам берилчү айылдардын тизмеси кайра каралып чыгарын кошумчалады.

«Бул чечимди кайрадан карап чыгып, экинчи этап менен жеңилдикке муктаж башка айылдарды тизмеге киргизели деп жатабыз. Ал эми Баткен облусунда социалдык-экономикалык көрсөткүчү бир топ жогору болгон айылдар бар, аларга жеңилдиктер каралбастан, башка экономикалык стимулдаштыруу механизмдери каралат. Биздин негизги максатыбыз – чек арага жакын жайгашкан, мамлекеттин жардамына чындап муктаж болгон айылдарды бекемдөө», — деди Кожошев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары Баткенде көчмө жыйын өткөрүүнү пландап жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты