Министрдин экс-орун басары Чаначев камакта калтырылды  

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Улан Чаначев 29-мартка чейин камакта калтырылды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Улан Чаначев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан ага кылмыш иши козголгондон кийин бошотулган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды.

УКМК тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 21-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч.У.  (Чаначев Улан -ред.) кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Сүрөттө: Улан Чаначев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты