Кылмышка шектелип кармалган министрдин орун басары Улан Чаначев кызматынан бошотулду

  • 2 месяца мурун

Улан Чаначев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан бошотулду.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы билдирди.  

Жакында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды.

УКМК тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 21-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч.У.  (Чаначев Улан -ред.) кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Сүрөттө: Улан Чаначев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты