Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кармалды

  • 3 месяца мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 21-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч.У. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгын аныктоого багытталган зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты