Министр Жалал-Абад жана Ош облустарындагы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

  • 1 месяц мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Сузак, Аксы райондорунда жана Манас, Таш-Көмүр шаарларында болду. Мындан тышкары, министр Ош облусунун Өзгөн районундагы сел коркунучу бар объектилер менен жеринде таанышты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Сапардын жүрүшүндө министр табигый кырсыктын кесепеттерин көрүп чыгып, жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Жолугушууларда көйгөйлүү маселелер жана сел кырсыктарынын алдын алуу боюнча жарандардын сунуш-пикирлери талкууланды.

Министр тиешелүү кызматтарга кооптуу тилкелерде алдын алуу иштерин күчөтүү, жээктерди бекемдөө жана кошумча коргоо чараларын көрүү тапшырылды.

Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев көйгөйлөрдү чечүү үчүн зарыл болгон долбоордук документтерди ыкчам даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Министр Жалал-Абад жана Ош облустарындагы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты